25-26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик Курултайга 148 айым катышып жатат. Өлкө боюнча жыйынга жалпы 1072 адам келсе, аялдар анын 13.8%ын гана түзөт. Бул маалыматты курултайда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бөлүштү.
Анын айтымында, аймактардан келген делегаттардын 924ү эркектер — жалпы катышуучулардын 86.1%ын түзөт.
«Бардыгы болуп 12 улуттун өкүлдөрү делегат болуп шайланды. Эмгек мигранттарынын өкүлдөрү — 26 адам, диний конфессиялардын өкүлдөрү — 10 киши», — деди Касмамбетов.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан «Клоопко» курултай өткөрүүдө айымдар үчүн атайын квота белгиленбегенин жана азыркы катышып жаткан аялдар өз аймагынан шайланып келгенин айтышты.
Аялдар саясаттан тыш
Негизи аялдарды саясатта кооздук буюму катары көрүү дүйнө жүзүндөгү ири көйгөй. Көпчүлүк учурда кыздарды, аялдарды саясий иш-чараларда жасалга же тейлөөчү кызматкер катары көрүүнү каалашат, ал эми алардын саясатта болушун анчейин калаашпайт.
Жакында «Клооп» Кыргызстанда саясатта аялдар аз экенин сүрөттөрдүн жардамында көрсөткөн материал жарыялаган. Парламентте дагы аялдардын саны аз. Өткөн жылы Жогорку Кеңеш парламенттеги аялдардын квотасын азайткан — мурда аял депутаттардын саны 30%дан кем болбошу керек болсо, азыр 25%га төмөндөтүлөрү айтылган.
«Ар бир депутаттын экинчисин аял кылсак анда парламент болбой эле, “Кыз-Бурак” ансамбли болуп калат да», — деп айткан депутаттар да жок эмес. Мындай кеп-сөз депутат айымдарды дайыма коштоп жүрөт — ар бир чакырылыш «ушу аялдарды көчүккө тебиш керек» же «жигиттердин укугу бузулуп жатат» деген сөздөрдү айтып келет.
Анткен менен, биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө да саясатка аралашкан аялдардын саны аз. Айрым кызыктуу маалыматтар:
- дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик жогорку кызматтарда эркектерге караганда аялдар алда канча аз;
- дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымында аялдардын саясатка аралашуусу 20%дан ашпайт;
- Кыргызстанда кызмат канчалык жогору болсо, ал кызматтарда аялдар ошончолук аз.