Сауд Арабиядагы элчи Улукбек Марипов Бахрейн жана Египетке дагы элчи болду

Улукбек Марипов.

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейн Королдугунда жана Египет Араб Республикасына дагы элчи болду. Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-ноябрда кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында Марипов жаңы ишин Сауд Арабиядагы элчи кызматы менен кайкалыштырары айтылды.

Марипов Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп быйыл январь айында дайындалган.

Улукбек Марипов — Кыргызстандын министрлер кабинетинин мурдагы башчысы. Ал төрага болуп 2021-жылдын февралынан тартып, октябрь айына чейин иштеген. Садыр Жапаров аны кызматтан бошотуп, министрлер кабинетин отставкага кетирген. Мариповдун ордуна мурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келген.

Тема боюнча:

Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси болуп дайындалды

Видео: Улукбек Марипов элге видео кайрылуу жасап коштошту