УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үч мүчөсүнө кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үч мүчөсүнө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Комитеттин маалыматына ылайык, кылмыш иштери «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кеңешчиси — Айпери Кулмурзаевга, фракция катчылыгынын эксперти Айгерим Алибаевага жана Мадумаровдун жардамчысы Муратбек уулу Азаматка козголду — алардын эмгек китепчелери жасалма экени аныкталган.

«Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “атайылап жасалма документти колдонуу” боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Алибаева менен Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кулмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

«Бүтүн Кыргызстан» — парламенттеги оппозициялык фракция. Лидери — Адахан Мадумаров. Ал парламенттин экс-спикери жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы. Президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тушунда оппозициянын катарында турган, учурда дагы азыркы президент Садыр Жапаровго оппозиция болуп келет.

Мадумаров бийликтин аракетин байма-бай сынга алып келет. Ал Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө да каршы чыккан.

Сүрөттүн булагы: ПолитКлиника

Тема боюнча: Видео: Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду камаймын деп бир нече жолу коркутту

Мадумаров: Президенттин администрациясы боттор фабрикасынын ордуна тигүү цехтерин ачсын