УКМК Жамгырчиевдин «таламдарын коргоо үчүн» текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди

УКМК депутат Жанар Акаевдин кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин «үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдык табылганын» айтканы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу 1-декабрда атайын кызматтан билдиришти.

«Жанар Акаевде депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан жабдыкты көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында Жамгырчиевдин жардамчысынан укканын айткан», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле атайын кызматтан учурда Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин айтышып, депутаттын таламдарын коргоо үчүн тыңшоочу жабдык качан жана ким тарабынан орнотулганын текшерүүгө даяр экенин кошумчалашты.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганы айткан.

Акаев 27-ноябрда Эмил Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасынан кармап кетишкенин эске салган.

«Анын чет өлкөгө чыгууга болгон укугу мыйзамсыз бузулду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын күч органдары кармап, “ал жакка баспа, бул жакка басасың” дегени туура эмес. Биз аны Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергени менен түздөн-түз байланыштырабыз», — деген ал.

27-ноябрга караган түнү депутат Элвира Сурабалдиева «УКМК Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» айткан. Ал депутаттар чогулган соң «Жамгырчиевди коё беришкенин» белгилеген.

Сурабалдиева «эки депутат тажыяга бара жатканын» билдирген. Кийинчерээк Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы айтылган. Ал эми Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу Казакстанда дарыланып жүргөнү белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жанар Акаев: Депутат Жамгырчиевдин үйүндө жана унаасында тыңшоочу аппарат табылды

УКМК: Депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалган эмес, ал Казакстанда