Экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президент жаңы шайланган президент кызматка киришкен учурдан тарта бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууну токтото турган ченемди сунуштады.

Мындан тышкары аталган мыйзам долбоору мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык мамлекеттик кызматкерлер коммуналдык акыларды өз эсебинен төлөөгө милдеттендирет.

«Мыйзам артка карай күчкө ээ эмес, [ошондуктан] бул кабыл алынса экс-президенттерге эмес, мындан кийинкилерге гана колдонулат», — деп белгиледи Жеңишбек Токторбаев.

Депутат Дастанбек Жумабеков мындай сунушка каршы экенин билдирип, экс-президенттердин айрым кол тийбестиктери сакталышы керектигин айтты.

«Элге таза ниет менен кызмат кылган президент мөөнөтү бүтүп кеткенден кийин, аларга чегерилген нерселерди алып коюуну туура эмес деп ойлойм. [...] Ошондуктан 13-беренени азыркы абалында калтырып, мамлекеттик күзөттү колдонууга укук берилиши керек. Алардын артыкчылыктарын алып койсок, кийинки жашоосун ойлоп, коррупциялык кадамдарга барышы мүмкүн», — деди Жумабеков.

Ал эми эл өкүлү Нурланбек Азыгалиев президенттер мамлекеттик жашыруун документтерге жеткиликтүү болгондуктан, экс-президенттер коргоого алынышы керектигин белгиледи.

Аны менен катар Дастан Бекешев 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун басымы менен Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратканын белгиледи. Ошондой эле ал жаңы добушка коюлган мыйзамды артка иштей турган кылууну сунуштады.

«“Жашоо бумеранг” дейт. Менимче, бул дагы башка президенттерге сабак болот. Эгерде мыйзамды артка иштей турган кылбасак, кандай мааниси бар? Депутаттарга президенттин аппараты тарабынан күчтүү басымдар болгон эмес беле? Болгон», — деди Бекешев.

Жыйындын аягында, комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышты.

Экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу сунушу

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди кээ бир артыкчылыктардан ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоору 23-августта парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлган.

Учурда экс-президенттик макам Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар. Буга чейин жарандар аларды аталган макамдан ажыратуу үчүн кол топтоп башташкан.

Ал эми мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев бул макамдан ажыратылган.

Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою мамлекеттик күзөт менен камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга алышат.

Ошондой эле экс-президент аэропорт жана аэровокзалдардын, анын ичинде темир жол вокзалдарынын расмий делегацияларга арналган залдарын, андан тышкары, мамлекеттик байланышты акысыз пайдаланууга укуктуу.

Пенсия курагына жеткенче экс-президент президенттик айлык маянанын 75 пайыз өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга укуктуу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Токторбаев экс-президенттерди айрым артыкчылыктардан ажыратууну сунуштады