Ош: Көп кабаттуу үй салына турган жер мэриянын менчигине кайтарылды

Ош шаары

6-декабрда Ош шаарында көп кабаттуу үй салына турган жер мэриянын менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Ош шаардык прокуратурасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүүсүндө 29 млн 559 миң 600 сомдук жер тилке мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча мэриянын жооптуу кызматкерлерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жердин документтерин мыйзамсыз жасаган». Бишкекте «Кадастрдын» жоопту кызматкери кармалды

Ош: Прокуратура оорукананын жер тилкеси менчикке мыйзамсыз чыгарылганын аныктады