Касымбеков министринин орун басары кызматын тапшырып, ордуна Мамадалиев дайындалды

7-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматтан кетти. Анын ордуна Тилек Мамадалиев орун басар болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 8-декабрда маалымдады.

Касымбеков кызматтан кетишин «өлкөнүн жогорку бийлиги тарабынан чыгарылган чечим» деп түшүндүрдү. Ал 24.kg басылмасына «буйрук талкууланбайт, а аткарылат» деп билдирди.

34 жаштагы Тилек Мамадалиев буга чейин министрдин жардамчысы жана кеңешчиси болуп иштеп келген.

Ал Сузак районуна караштуу Жийде айылында төрөлгөн. 2005-2011-жылдар аралыгында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Дарыгерлик» багыты боюнча билим алган.

Жаркынбек Касымбеков тууралуу эмне белгилүү?

Жаркынбек Касымбеков үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында министрдин орун басары болуп дайындалган. Ал буга чейинки министр Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан убактылуу четтетилгенде, министрдин милдетин убактылуу аткарган.

49 жаштагы Касымбеков медицина илимдеринин доктору. 1996-жылы медицина институтун аяктаган. 1998-жылы мамлекеттик медициналык академияда урология боюнча ординатураны окуган. 2004-жылы Президентке караштуу башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Касымбеков Бишкекте Тез жардам станциясынын башкы дарыгери жана №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорлук кызматын аркалаган. Ал Эл аралык медициналык университеттин ректору да болгон. «Манас» университетинде да сабак берип иштеген.

2015-жылы Касымбековго мыйзамсыз тендер өткөрүүгө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Сот аны «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Касымбеков «Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка ат салышкан. Ал эми октябрь окуяларында өзүн өзү Саламаттык сактоо министрлигинин координатору деп жарыялаган.

Тема боюнча:

Жаркынбек Касымбеков: Аз сүйлөп, көп иштейм