Кара-Кечеде айдоочулар менен «Альфанын» ортосунда чыр чыгып, ок атылды

Кара-Кечеден көмүр кени.

Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган «Альфа» атайын кызматынын аскерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул маалыматты «Клоопко» «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова тастыктады.

Анын айтымында, окуя бир нече күн мурда катталган, азыркы учурда абал туруктуу.

«Бизге түшкөн маалыматтар боюнча, үчүнчү күчтөр «Альфа» менен айдоочулардын ортосунда чагымчылдык кылууга аракет кылган. Азыркы учурда абал тынч, бардыгы иш штаттык режимде жүрүп жатат», — деди ал.

Окуя боюнча УКМК менен милициядан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми кээ бир басылмалар ок атуунун кесепетинен айрым айдоочулар жаракат алганын жазып чыгышты.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов 5-октябрда Кара-Кечени «Альфа» атайын бөлүмдүн 12 аскери кайтарып жатканын айткан болчу.

«Алар курал-жаракчан, биздин филалдагы 20 кишиден турган коопсуздук кызматкерлери менен чогуу кызмат өтөп жатат. Күз-кыш мезгилинде коопсуздукту сакташат», — деген ал.

Буга чейин, Кара-Кечеде айдоочулар көмүр ала албай жатканын айтып нааразы болушкан. Айдоочулардын бири видео жарыялап, жеке айдоочуларга 15-декабрга чейин көмүр берүү токтотулганын айтып, «жапсаңар толук жапкыла» деп ачууланган.

Көп өтпөй «Кыргыз көмүр» кендеги тазалоо иштеринен улам көмүр ташып келүү убактылуу токтотулганын билдирген. Бирок ишкана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү үзгүлтүкккө учурабай турганын эскерткен. Ал эми 20-декабрдан баштап көмүр ташуу иштери жанданганы айтылган.

Андан үч апта мурун Кара-Кечеде ондогон айдоочулар көмүрдүн баасы 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы болшкан. Себеби айдоочулар көмүрдү арзан сатса барып-келген чыгымын актабай калат деп билдиришкен.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген. Өлкө башчынын тапшырмасы менен калаада көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан эки кампа ачылган.

Андан кийин Жапаров президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө көмүрдүн баасын 3000 сомго түшүрүү тапшырмасын берип, 22-ноябрдан тартып Ош облусунда 3000 сомдон көмүр сатыла баштаган.

Тема боюнча:

Кара-Кечеде жеке айдоочулар көмүр ала албай жатышканын айтып нааразы болушту

Кара-Кече: Айрым айдоочулар көмүрдүн 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы