ИИМ: Журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу бюджеттин эсебинен болду

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан респбликалык бюджеттин эсебинен чыгарышкан. Бул тууралуу ИИМнин депутат Дастан Бекешевге берген жообунда айтылат.

Бирок мекемеден Темировду өлкөдөн чыгаруу үчүн канча каражат сарпталганын такташкан жок.

Журналистти Москвага кетүүчү учакка отургузуп, мажбурлап өлкөдөн чыгарышкан. Темиров өзү аны ИИМнин экстремизм жана терроризм менен күрөшкөн 10-кызматынын бир нече кызматкери коштоп барганын айткан.

ИИМнин жообунда иликтөөчү журналистке учакка билетти Avia Traffic компаниясынан алышканы айтылган. Компаниянын сайтында 13-декабрда Москвага билет баасы 21 миң сомдон ашык болгон.

Avia Traffic компаниясынын сайтынан скриншот.

ИИМнин маалыматы боюнча, Кыргызстандан 2022-жылдын 11 айында 13, 2021-жылы 19 чет өлкөлүк чыгарылган. Алардын баары Кыргызстандан өздөрүнүн каражатына учуп кетишкен.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Соттун чечиминен кийин дароо эле Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон — Темировду Бишкектин убактылуу кармоочу жайларынан да, атайын кармоочу жайлардан да таппай коюшкан. Кийинчерээк Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып кармап, жашырып» жатышат деп билдирген.

Кечке жуук Ботобеков Темировду издеп «Манас» аэропортуна келген. Ал жерден адвокат аэропорттогу милиция бөлүмүнө барып сураганда «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан. Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет.

«Адилет» укукктук клиникасы коомдук фондунун юристтери Бишкен шаардык соту Конституцияны одоно бузганын» белгилеген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова башкы прокурорго журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарган күч органдарынын кызматкерлерин жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал милиция кызматкерлери «өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, соттун журналистти өлкөдөн чыгаруу чечими чыгары менен чечимди өз алдынча чечмелөө менен, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан» деп эсептейт.