Акыйкатчы Темировду өлкөдөн чыгарган күч органдарын жоопко тартууну суранды

Атыр Абдрахматова

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарган күч органдарынын кызматкерлерин жоопко тартуу өтүнүчү менен Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчынын институтунан билдиришти.

Билдирүүдө соттун журналистке карата өкүмү Жарандык процесстик кодекске, Конституцияга, Адам укуктарынын жалпы декларациясына, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык актыга каршы келери айтылат.

«Акыйкатчы институту Кыргызстандын аймагында кайсы бир адамдын статусун бузууга жол берилгис деп эсептейт. Болот Темировду эч кандай шартта жана анын эркине каршы күч менен мамлекеттен чыгарууга болбойт. Башкы прокуратура тез арада Конституциянын кепилдиктерин бардык жарандар үчүн туруктуу жана бирдей колдонууну камсыз кылуусу керек», — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Орусия Федерациясындагы адам укуктары боюнча комиссар Татьяна Москальковадан Темировго Орусияда юридикалык жардам көрсөтүүнү өтүндү.

Темировду депортациялоо

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. 24-ноябрда Темировдун жубайы иликтөөчү журналист Москвада туугандары менен экенин билдирген.

Кийинчерээк иликтөөчү журналист өзү маек куруп, эл аралык сотко кайрыларын айткан.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болот Темировдун жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат