Кыргызстандагы бардык мектептер 24-декабрга чейин карантинге жабылат

Иллюстративдик сүрөт

24-декабрга чейин Кыргызстандагы бардык мектептер карантинге жабылат. Бул тууралуу Билим берүү жана министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билдирди.

Жусупбекованын айтымында, окутуу онлайн түрдө жүргүзүлөт.

Буга чейин өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жалпы 509 мектеп карантинге жабылганы кабарланган. Бул республикадагы мектептердин бештен бир бөлүгү — жалпысынан Кыргызстанда 2357 мектеп бар.

Ал эми өлкөдөгү жалпы 1710 бала бакчадан 168и да карантинге жабылган.

Мектептерди жабуу чечимин ведомство сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция күчөп жаткан шартта кабыл алды. Акыркы күндөрү Бишкектеги ооруканаларда кезек көп болуп жатканы айтылууда.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев жыл сайын ушул маалда сасык тумоо күчөрүн айтып, бирок быйыл балдар башкача ооруп жатканын билдирген.

Жалпысынан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 5-декабрдан 11-декабрга чейин өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 14078 учуру катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйгөн. Ооругандардын ичинен дээрлик 70%ы — 14 жашка чейинки балдар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министрлиги: Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 509 мектеп карантинге жабылды

Ош шаарындагы 12 мектеп карантинге жабылды