Абактагы активист Али Шабдан үй-бүлөсүнө каржылык жактан колдоо көрсөтүүнү суранды

«Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып кармалган активист Али Шабдан үй-бүлөсү каржылык жактан кыйналып жатканын билдирип, коомчулуктан жардам сурады.

Ал үй-бүлөсүн өзү иштеп багып келгенин айтып, баласы кичинекей болгондуктан жубайынын иштегенге мүмкүнчүлүгү жок экенин белгиледи.

«Достор, мени дагы эки айга калтырып койгонун билесиңер. Үй-бүлөм акча жагынан кыйналып жатат. Келинчегим кичинекей бала менен иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, бала багуучуга да таштап иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Мен өзүм иштеп үй-бүлөмдү бакчумун. Достор силерден суранам, акчалай жардам берип койгула», — деп жазылат катта.

Али Шабдан 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган 30га чукул активист жана саясатчылар менен кошо кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» айыбы тагылган.

13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Али Шабданды 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эсин жоготуп, кусуп жатат». Ачкачылык жарыялаган абактагы Нарматованын абалы кескин начарлап кетти

Абакта ачкачылык жарыялаган активист Перизат Суранова абалы кескин начарлап кеткенин билдирди