Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын айрымдарынын абалы кооптондуруп жатат. Бул тууралуу камакка алындардын көпчүлүгү кармалып жаткан Бишкектин ТИЗО-1не кирип чыккандан кийин 18-декабрда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, Улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын акчачылыкты токтотууну суранышкан, бирок алар көнгөн эмес.
«Экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы абдан кооптондуруп жатат. Али Шабдандын дагы абалы жакшы эмес. Ал ашказанында жарасы бар экенин айтты. Улуттук борбор Нарматова менен Суранованын абалына кабатыр болуп, Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) аларды ооруканага жаткырып, медициналык көзөмөлдү күчөтүүгө көмөк көрсөтүүнү суранат», — деди Рысбеков.
Нарматованын жактоочусу Гуляна Убалиева «Азаттыкка» кардарынын абалы начарлап кеткендиктен ооруканага жаткырууга муктаж экенин билдирди. Анын айтымында, экс-депутаттын башы тынбай ооруйт, ашказан жарасынан улам да ооруп жатат.
«[Нарматова] ачкадан улам араң кыймылдап жатат. Жума күнү Башкы прокуратурага өтүнмө берип, аны даарыланууга жаткыруу керектигин сурангам, азырынча жооп келе элек. Абалы күндөн-күнгө начарлап жатат. Ашказаны дагы ооруйт экен, гастрит аныкталыптыр. ТИЗОдогу дарыгерлер баары жайында деп жатышат, бирок даттануулары таптакыр башка нерсени айтып турат да», — дейт Убалиева.
Активист Перизат Суранованын дагы ден соолугу начарлап кеткени белгилүү. 18-декабрь күнү кечинде ага ТИЗОго тез жардам чакыртылганы, бирок медиктер Суранованы жөн эле карап, ооруканага жаткырууга алып кетишпегени кабарланууда. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова активисттин абалына көз салып турарын, андан тышкары, ЖАК тарабынан жардам көрсөтүлбөгөндүгү боюнча Башкы прокуратурага арыз жазарын белгилеген.
Ал эми ЖАК ачкачылык жарыялагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп атканын айтып ишендирүүдө.
«Акчакычык жарыялагандардын баарынын абалы канааттандырарлык. Кечээ Перизат Суранова үчүн атайын дарыгерлер тобу чакырылды. Алар азырынча ооруканага жаткыруунун кажет эместигин айтышты. Алардын абалынын начарлаганы тууралуу азырынча айта албайбыз», — деп билдирген «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.
Саясий ачкачылык
Нарматова менен Суранова сот баш коргоо чараларын 20-февралга чейин узартканына нааразы болуп 14-декабрда ачкачылык жарыялашкан. Көп өтпөй ачкачылыкка Кемпир-Абады ишинин 10дон ашык фигуранты да кошулган.Алар ТИЗОдон бошотууну жана аларга карата массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишин токтотууну талап кылышууда. Айыпталып жаткандардын баары бул ишти токулган жана жасалмаланган деп аташууда.
Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.
Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы сындарга байланыштуу кармоолор
ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алган. Ошол эле күнү 22 кишини кармап кеткен, кийинчерээк алардын саны 27ге жеткен (экс-депутат Канат Исаев гана башка иш боюнча кармалган).
ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кийинчерээк кармалгандардын дээрлик бардыгынын ТИЗОдогу мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылган.
Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.
Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.
Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп айткан.