Адвокат: Орозайым Нарматова толук медициналык текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калды

Сүрөт: «Кактус Медиа»

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматова ден соолугун толук текшертүүгө жетишкен жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Гуляна Убалиева 20-декабрда «Азаттыкка» билдирди.

Ал ТИЗОнун кызматкерлери Нарматованы диагностикалык клиникага кеч алып барышканын айтып, толук текшерүүдөн өтүүгө мүмкүн болбогонун белгиледи.

«Кан тапшырганга дагы жетишкен жок. Жүрөгү ооруп жаткандыктан ашказанын текшертүүгө мүмкүн болгон жок. Томографияда 1,5 саат жатышы керек экен. Абалы оор болгондуктан жата алган жок. Жүрөгү деле толук текшерилген жок, ал үчүн бир сутка аппарат кийип жүрүш керек экен. Абалы күндөн-күнгө оорлоп жатат», — деди жактоочу.

Ал эми Жаза аткаруу кызматы Убалиеванын билдирүүсү боюнча «Клоопко» комментарий бере элек.

Орозайым Нарматова 20-декабрда ден соолугун текшертүү үчүн жеке медициналык борборго жеткирилген.

Көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова Нарматованын ден соолугун текшерип, «абалы канааттандыраарлык эмес» деп корутунду чыгарган. Ал экс-депутаттын шайы кетип, дем жетпей, жүрөгү жана көкүрөгү кысылып, суу ичкенде кусуп, ичи жана башы ооруп жатканын айткан.

Ошондой эле Барыктабасова Нарматова ачкачылык жарыялагандан бери, беш күн ичинде беш килограммга арыктап кеткенин да жазган.

Ачкачылык жарыялагандардын арасынан Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы баарынан начар болууда. Укук коргоочулар аялдарга бир нече жолу медициналык жардам көрсөтүүнү суранып кайрылышкан, эгер аларга жардам көрсөтүлбөсө ал кыйноого тете болорун билдиришкен.

Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынан «иштери көптүгүн» айтып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын абалы боюнча маалымат берүүдөн баш тартышкан.

14-декабрда Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартова соттун аларды 20-февралга чейин абакта калтыруу чечимине нааразы болуп, саясий ачкачылык жарыялашкан. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 17 киши ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарматова медициналык кароого алып келинди, жүрөгүн тартыраары менен ТИЗОго кайтарылат

Кемпир-Абад иши: Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылышты