Кемпир-Абад иши: Камактагы активист Акматов бийликтен куугунтукту токтотууну талап кылды

Айданбек Акматов. Сүрөт: «Азаттык»

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ачкачылык жарыялаган активист Айданбек Акматов абактан кат жазды. Катты анын тарапташтары 20-декбарда жарыялады.

Акматов бийлик башындагылардан «саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды жана парламентке зөөкүр мамиле кылууну токтотууну» талап кылды.

Ошондой эле ал өзүнүн камакка алынып, «Бийликти күч менен басып алууга» айыпталып жатканын «ашынган саясий куугунтук, чектен чыккан өзүм билемдик, жана мыйзамсыздык» катары баалады.

«Бир эле адам тергөөчү, прокурор, сот болуп калганда мыйзамдар, адам укуктары өтө одоно түрдө бузулуп, 70тен ашкан улгайган аялдан, жаш жигиттерге чейин эч бир негизсиз камакка алуу, себепсиз абакта кармоо жүрүп жатат. Тергөөчү, прокурор, соттор жүйөөлөрдү укпайт», — деди ал.

Аны менен катар, Акматов «прокурорлор менен соттор бир адамдай жогорудан түшкөн буйрукту аткарып калган шартта саясий ачкачылык жарыялоодон башка арга жок» деп белгиледи.

«Эл аралык коомчулук, кыргыз калкы бизге карата болуп жаткан саясий куугунтукту, мыйзамсыздыкты билсин. Саясий ачкачылык учурундагы өмүрүмө, ден-соолугума коопсуздук, үй-бүлөмдүн келечеги үчүн жоопкерчилик бийлик абийиринде болот», — деп кайрылуусун жыйынтыктады.

Айданбек Акматов — Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн октябрдын аягында кармалган 30га чукул активист жана саясатчылардын бири. Алар «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деп айыпталышууда.

12-декабрда шаардык сот активисттер Акматов менен бирге бир нече активист, саясатчыны 20-февралга чейин абакта калтырылган. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 18 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Автору: Айпери Акылбек кызы

Тема боюнча:

Кемпир-Абад иши: Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылышты

Абактагы активист Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумдарды УТРКдан түз эфирде көрсөтүүнү талап кылды