Ош: Облустук сот үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдын ишин жабырлануучусуз карады

Сүрөт: Мухайо Абдураупова

21-декабрда Ош облустук соту үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдын ишин «шашылыш, жабырлануучусуз» карап, доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу жактоочу Мухайо Абдураупова билдирди.

Ал буга чейин соттук отурум бир нече жолу ар кандай себептер менен кийиникиге жылдырылып келгенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жолу сот отуруму 28-декабрга белгиленген.

«Бүгүн иштин графигин билип, арыз калтырайын деп келгем. Графикти карасам, бул ишти 21-декабрга коюп коюшуптур. Телефондон 28-декабрь деп айтышкан. [...] Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн тез арада күчүндө калтырып, айыпталуучудан [аялын] сабаганы үчүн 50 миң сом өндүрүлүп, курал менен коркутуп, чогуу жашоого мажбурлаганы четке кагылган», — деди жактоочу.

Ал эми Ош облустук соттон бул тууралуу «Клоопко» кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин, октябрь айынын башында Кара-Суу райондук соту мурдагы аялын уруп-сабап, курал менен коркутуп, чогуу жашоого мажбурлап келген шектүүгө «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен 50 миң сом айып пул салган. Кийинчерээк жабырлануучу тарап облустук сотко аппеляциялык доо арыз берген.

Зомбулукка кабылган аялдын иши

22-августта жактоочу Абдураупова Араван РИИБи зомбулукка кабылган аялдын арызын кабыл албай койгонун айтып чыккан.

Анын айтымында, Аравандын тургуну бир жылдан бери күйөөсүнөн кетүүгө аракет кылып келет. Бирок киши ажырашууга жол бербей, аны өзү менен жашоого мажбурлайт.

Жактоочу 2021-жылдын март айында видео байкоочу камерага түшүп калган тасманы жарыялаган. Анда эркек киши аялдын үйүнө короонун тосмосунан ашып кирип, жаш баласынын көзүнчө жабырлануучуга кол салып, анын телефонун талкалап салганын көрүүгө болот.

Андан бери зомбулук токтогон эмес – үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда киши аялдын жумуш ордуна барып, башкалардын көз алдында ага зомбулук көрсөткөн.

Ал эми 21-июлда киши аялды муунтуп, тепкилеп, сабап, экинчи телефонун да сындырып, «ажырашпайсың» деп үйүнө мажбурлап алып келген.

Абдураупова аял милицияга кайрылганда, алар фактыны «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен каттап, бирок сабоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактысы боюнча арызды кабыл албай коюшканын айткан.

Жактоочу бул тууралуу соцтармакка жазып чыккандан кийин, 23-августта гана Араван РИИБи аялды милицияга чакырып арыз алган.

«Аял 86% укпай калган. Тергөөчү прокурорлор, соттор менен кеңешип, ошондуктан ушундай чечимге келгенин айтууда. Кыргызстанда аял зордук-зомбулуктан корголушуна ишенбей эле коюшу керек», — деген укук коргоочу.

Аны менен катар ал, аялдын иши CEDAW’га (Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу жөнүндө конвенция) жиберилерин кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Араван: Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын иши кыскартылганы айтылды

Араванда аялга зомбулук көрсөткөн кишиге 50 миң сом айып пул гана салынды

«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы