Өзгөн: Кесиптик лицейдин студенттери уруша кетип, 16 жаштагы бала каза болду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы №62 кесиптик лицейдин студенттери уруша кетип, 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» райондук милициядан 21-декабрда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Куршабдагы аймактык оорукананын дарыгери 20-декабрда кечки саат 21:30 чамасында милицияга 16 жаштагы бала каза болгонун билдирген.

Жерине барган милиция кызматкерлери күбөлөрдү суракка алган. Алардын бири кесиптик лицейде 3-курста окуган 17 жаштагы студент 16 жаштагы баланы муштум менен көкүрөк тушка уруп жибергенин, бала эс учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгонун айтып берген.

Өзгөн райондук милициясы маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын белгилешти. Ал эми шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Өзгөндө массалык мушташтан качып бараткан 14 жаштагы бала жардан кулап каза болгон. Экспертиза өспүрүм жардан кулап кетип, алган жаракатынан улам каза болгон деп аныктаган.

Ал эми баланын ата-энеси экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, кайрадан текшерүүнү талап кылган. Алар «баласын атайылап түртүп жиберишкен» деп эсептешкен. Ошондой эле укук коргоо органдарынан күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалоону талап кылышкан.

Автору: Каным Кыдырова

Тема боюнча:

Өзгөндө мушташтан качып бараткан 14 жашар өспүрүм жардан кулап каза тапты