Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын энелери жана жакындары акцияга чыгышты

22-декабрда Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын энелери жана жакындары акцияга чыгып, аларды эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Орозайым Нарматова, Бектур Асанов, Перизат Суранова жана Асия Сасыкбаева баштаган бир катар активист, саясатчылардын жакындары Курманжан датканын эстелигинин алдына чогулуп, мыйзам одоно бузулуп жатканын айтышты.

«Жапырт камоо мыйзам бузуу менен коштолгон. Алардын үйүндө тинтүү соттун чечими жок эле жүргүзүлгөн, камоонун мөөнөтү да мыйзамсыз узартылууда», — деди Асия Сасыкбаеванын сиңдиси Асыл Айтбаева.

Ал эми Клара Сооронкулованын эжеси Нурия Сооронкулова сиңдиси «бир аптадан ашык убакыттан бери ачкачылыкта экенин жана анын ден соолугу начарлап кеткенин» белгиледи.

Чогулгандар «Боштондук!», «Мекенин сүйүү — кылмыш эмес!» деген ураандарды чакырып турушту.

Буга чейин, 20-декабрда Бишкектеги Панфилов паркынын жанында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулуп, бийликтен саясий туткундарды «жок дегенде үй камагына чыгарууну» талап кылышкан.

40ка чукул адам абактагы жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, негизги талабы — абактагыларды эркиндикке чыгаруу жана президент Садыр Жапаров менен жеке жолугушуу экенин айтышкан.

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

12 жана 14-декабрда шаардык сот кармалгандарды 20-февралга чейин абакта калтырылган. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 17 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы «Клоопко» 11 адам расмий түрдө ачкачылык жарыялаганын айткан.

Азыркы тапта ккук коргоочулар ачкачылык жарыялагандардын айымдарынан абалы начарлап кеткенин айтышууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылышты

Бир сүрөт менен: Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулду