Билим берүү министрлиги: Бишкектеги мектептерде карантин 28-декабрга чейин узартылды

Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаарында мектеп окуучулары 28-декабрга чейин онлайн окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 23-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим минкабдын 22-декабрдагы жыйынында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны өсүп жатканы айтылган соң кабыл алынды.

«Карантин борбор калаадагы мектептерде гана узартылды. Калган бардык аймактар ​​боюнча [чечимдер] кырдаалга жараша жергиликтүү бийлик жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын көрсөтмөлөрүнө ылайык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат», — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Акыркы күндөрү Бишкектеги ооруканаларда кезек көп болуп жатканы айтылууда.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев «Азаттыкка» берген интервьюсунда жыл сайын ушул маалда сасык тумоо күчөрүн айтып, бирок быйыл балдар башкача ооруп жатканын билдирген.

Буга чейин , 16-декабрда бийлик өлкөдөгү бардык мектептерди карантинге жаап, окуучуларды 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүү чечимин кабыл алган. Ага дейре 1710 бала бакчанын 168и да карантинге жабылганы кабарланган.

Автору: Насикат Жыргалбекова

Тема боюнча:

Сасык тумоо: Республикалык инфекциялык оорукананын коридоруна да кошумча керебеттер коюлду