Экс-премьер министр Феликс Кулов Кемпир-Абад боюнча кармалган аялдарды ачкачылыкты токтотууга чакырды

22-декабрда мурдагы премьер–министр Феликс Кулов өзүнүн фейсбук барагында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган айымдарды ачкачылыкты токтотууга чакырды. Кулов «алар келе жаткан сот иштеринде өздөрүн жакшы сезиши керек» деп билдирди.

Ал камакта ачкачылык жарыялаган айымдардын ден соолугуна тынчсызданып жатканын айтат.

«Психологиялык жактан оор болуп жаткан шартта мындай ачкачылык ден-соолукка өтө терс таасирин тийгизет. Муну мен өзүмөн билем, 2000-жылы камакка алынганда 19 күн ачкачылык жарыялагам. Алардын иши боюнча сот процесси ачык өтүшү керек, ошондо ал сөзсүз түрдө биздин гана эмес, дүйнө коомчулугунун да көңүлүн бурат», – деди Кулов.

Анын айтымында, сот иштери «узакка созулуп кетиши мүмкүн». Ал эми камакта жаткан айымдар «физикалык жана психикалык формада болушу керек», анткени аларды «абдан катуу процессуалдык салгылашуулар күтүп турат».

«Ачкачылык жарыялаган айымдар, менимче, өз укуктарын сактоодо чоң эрдик көрсөтө алышты. Ошондой эле аларды сындыруу мүмкүн эместигин далилдешти. Коомчулуктун пикири толугу менен алар тарапта. Азыр сот процессине даярдык көрүү манилүү, ошондуктан мен аларды ачкачылыкты токтотууга жана организминин абалын кайтарып алгыс абалга жеткирбөөгө чакырам», — деп белгиледи ал.

Саясий ачкачылык

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Алардын алтоо — аялдар. Кармалгандарга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет кылган» деген айып тагылууда, алар айыптоолорду четке кагып, Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Ал эми 12 жана 14-декабрда шаардык сот кармалгандарды 20-февралга чейин абакта калтырган. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 17 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Камакта жаткандар «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» ишин токтотуп, аларды бошотууну талап кылышкан. Алар бул ишти «токулган» деп баалашат.

Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Тема боюнча:

«Адилеттин» юристтери: Өлкөнүн укуктук системасы ар бир жаран үчүн коркунучка айланып баратат

Абактагы аялдар ачкачылык үчүн жоопкерчиликти президент менен Ташиевге жүктөштү

Кемпир-Абад иши: Кыргыз айымдары абактагы аялдарды бошотуу талабы менен кол топтой башташты

«Өз алдынча баса албай калды». Нарматованын абалы оорлоп, тергөөгө бара албаганы айтылды

Кемпир-Абад иши: Кыргыз айымдары абактагы аялдарды бошотуу талабы менен кол топтой башташтыЭкс-премьер министр Феликс Кулов Кемпир-Абад боюнча кармалган аялдарды ачкачылыкты токтотууга чакырды