«Өз алдынча баса албай калды». Нарматованын абалы оорлоп, тергөөгө бара албаганы айтылды

Орозайым Нарматованын 22-декабрда тартылган сүрөтү. Сүрөт: Гуляна Убалиева

22-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган экс-депутат Орозайым Нарматованын абалы оорлоп, тергөөгө бара алган жок. Бул тууралуу анын курбусу Назира Алибекова фейсбук барагында билдирди.

Ал 22-декабрь күнү саат 14:00 менен 15:00 ортосунда оперкызматкерлер Нарматованы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып баруу үчүн ТИЗО-1ге келишкенин айтты.

«Орозайымдын абалы оорлоп, өз алдынча баса албаганына байланыштуу ТИЗОнун кызматкерлери замбилге жаткырып, камерасынан короого алып чыгышыптыр. “Абалы оор болгонуна байланыштуу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып кетпейбиз” деп, [Орозайым Нарматова] бүгүн тергөө органына бара албаптыр», — деп билдирди ал.

Алибекова ошол эле күнү Нарматованын адвокаты аны менен жолугушууга барганын, бирок экс-депутат «өз алдынча баса албай калганына байланыштуу көрүшүүгө мүмкүн болбогонун» белгиледи.

Ал эми Жаза аткаруу кызматы Алибекованын билдирүүсү боюнча «Клоопко» комментарий берген жок.

Нарматованын абалы, саясий ачкачылык

Орозайым Нарматова 20-декабрда ден соолугун текшертүү үчүн жеке медициналык борборго жеткирилген. Ал эми анын жактоочусу ал ден соолугун толук текшертүүгө жетишпегенин билдирген.

Көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова Нарматованын ден соолугун текшерип, «абалы канааттандыраарлык эмес» деп корутунду чыгарган. Ал экс-депутаттын шайы кетип, дем жетпей, жүрөгү жана көкүрөгү кысылып, суу ичкенде кусуп, ичи жана башы ооруп жатканын айткан.

Ошондой эле Барыктабасова Нарматова ачкачылык жарыялагандан бери, беш күн ичинде беш килограммга арыктап кеткенин да жазган.

Ачкачылык жарыялагандардын арасынан Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы баарынан начар болууда. Укук коргоочулар аялдарга бир нече жолу медициналык жардам көрсөтүүнү суранып, эгер аларга жардам көрсөтүлбөсө ал кыйноого тете болорун белгилешкен.

Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынан «иштери көптүгүн» айтып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын абалы боюнча маалымат берүүдөн баш тартышкан.

14-декабрда Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартова соттун аларды 20-февралга чейин абакта калтыруу чечимине нааразы болуп, саясий ачкачылык жарыялашкан.

Жалпысынан Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 17 киши ачкачылык жарыялаганы кабарланган. 20-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров, 21-декабрда журналист Айданбек Акматов ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Кыргыз айымдары абактагы аялдарды бошотуу талабы менен кол топтой башташты

Адвокат: Орозайым Нарматова толук медициналык текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калды