Акыйкатчы: Абактагы Бекчоро уулу менен Бузурманкулов отурган камера талапка жооп бербейт

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Айбек Бузурманкулов менен Эрлан Бекчоро уулу отурган абактагы камера талапка жооп бербейт. Бул тууралуу 24-декабрда акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Акыйкатчы мекеменин кызматкерлери эки активист отурган №21 түзөтүү мекемесин текшерүүгө барышканын белгиледи.

«Бөлмөдө эки терезе орнотулган. Кармалгандардын айтымында, желдеткич иштебейт. Жылуулугу канааттандыраарлык, полу бетон, гигиеналык каражаттар бар. Жумасына бир жолу жуунушат, ар биринде шейшеп менен жеке керебет бар. [...] Бузурманкулов жана аны менен жаткандар жарыктандыруу начар экенин жана бардык жерди таракандар каптап кеткенин айтып арызданышкан. Текшерүүдө бөлмө санитардык талапка жооп бербегени аныкталд», — деди ал.

Абдрахматова Эрлан Бекчоро уулу дагы башка камерага которулганын айтып, ал жаткан жер да санитардык талапка жооп бербейт деп билдирди.

Акыйкатчы абактагы дарыгерлерге таянып, активист Чыңгыз Капалов ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотконун кошумчалады.

Буга чейин Айбек Бузурманкулов 22-декбарда аны абактын кызматкерлери шарты өтө начар камерага эч себепсиз которуп салышканын айтып арызданган.

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

12-декабрда шаардык сот активист, саясатчыларды 20-февралга чейин абакта калтырган. Көп өтпөй Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 17 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Кийинчерээк алардын үчөө ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотууга аргасыз болушкан.