Орусия «Вагнер» машыгуу лагеринен качкандарга издөө жарыялады — бирөө кыргыз жараны

Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын аннексияланган Луганск облусундагы «Вагнер» машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма аскерге издөө салды. Бул тууралуу 2022-жылы 30-декабрда Donday басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгуу борборуна келгенге чейин алар Орусияда камакта болушкан. Алар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны болгон.

Сүрөт: Donday басылмасы

Басылма соттолгондор 21-22-декабрда качканын билдирип, аты-жөнүн маалымдаган эмес. Аны менен катар, качкан алты киши куралчан жана кооптуу экени белгиленет.

Кыргызстандын УКМКсы 2022-жылы май айында согушка катышкандар «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси менен жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

«Вагнер» жеке менчик аскер түзүмү

Жеке менчик «Вагнердин тобу» штабынын ачылышы, Санкт-Петербург. Сүрөт: Ольга Мальцева / AFP

ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык басылмалар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

Ошондой эле басылмалар «Вагнерге» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» Евгений Пригожин ээлик кыларын жазышкан.

ЖМКнын маалыматтарына ылайык, «Вагнердин» жалданма аскерлери 2014-жылы Донбасстагы, Сириядагы жана африка өлкөлөрүндөгү конфликттерге катышкан.

«МедиаХабдын» журналисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде кызгызстандыктарды «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы (ЧВК) аркылуу Украинадагы согушка азгырып жатканын иликтешкен.

Алардын маалыматына ылайык, кыргызстандык соцтүйүндөрдө Орусияга жеке күзөт кызматына жумушка кабыл алуу тууралуу жарыялар пайда болгон.

Бирок журналисттер жарыяда көрсөтүлгөн номерлерге байланышканда, «приоритеттер алмашканына байланыштуу» күзөт кызматына жумушчулар алынбай калганын айтып, ордуна башка жумуш сунушташкан. Ал жумуш — «Украинадагы атайын операция жүрүп жаткан аймакта тапшырмаларды аткаруу».

«Клооптун» маалыматында, буга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан жалпы жети кыргызстандык жоокер каза болгон. Алардын бешөө Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган.

2020-жылы июль айында Украинанын Башкы прокуратурасы Донбасстагы сепаратисттердин тарабында согушкан үч кыргыз жаранына кылмыш ишин козгогонун билдирген.

Маалыматка караганда, кармалгандар «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын «Призрак» аймактык коргоо бөлүмүнүн 14-батальонунда, «Восток» полкунун 11-бөлүмүндө жана «Оплот» бригадасынын 5-бөлүмүндө кызмат кылышкан.

2022-жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага толук масштабдуу кол салууну башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атап жатат. 2022-жылдын 18-декабрга карата кол салууда жалпы 6826 жай тургун набыт болуп, 10 769 киши жарадар болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«МедиаХаб»: Кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан компаниялар бар

Жыл жыйынтыгы: Азык-түлүк кымбаттап жатат — бул ковиддин илеби жана Украинадагы согуштун кесепети

УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышуусу боюнча тергөө ишин баштады