Акылбек Жапаров бийлик Кемпир-Абадды Өзбекстанга берип туура кылды деп эсептейт

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Кабар» улуттук маалыматтык агенттигине маек куруп, өлкө жетекчилигинин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү чечими туура болгонун айтты.

Бийлик буга чейин да Кемпир-Абад суу сактагычын берүү Кыргызстан үчүн пайдалуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болот деп айткан. Бирок, айрым активисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар буга каршы чыгып, бирок кийинчерээк камакка алынган.


«Бул учурда өлкө жетекчилигинин чындыгы өлкө үчүн пайдалуу жана тескерисинче, ага каршы чыккандардын чындыгы күтүүсүз жана терс кесепеттерге алып келет деп эсептейм», — деди Жапаров.


Чиновник кошумчалагандай, «өлкөдөгү кырдаалды солкулдатуу, бийликке келиш» үчүн Кемпир-Абадды «өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына» пайдаланууга аракет кылгандардан турган үчүнчү тарап дагы бар.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрь айында бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочуларды кармаган. Алардын баары массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп айыпталып, ТИЗОго киргизилген.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга басым болуп жатканын, ошондой эле, аларга кылмыш иши Кемпир-Абад маселеси боюнча позицияларынан улам козголгонун айтышкан.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, декабрда баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Буга жооп кылып кармалгандардын ондон ашыгы аларды жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылып саясий ачкачылык жарыялашкан. Бирок бул акциядан да майнап чыккан эмес. Эки жумадан кийин иштин бардык фигуранттары саламаттагы начарлап кеткендиктен ачкачылыкты токтотушкан.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.