Баткен: Тажикстанга аткез жол менен жер семирткич алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Баткенден Тажикстанга аткез жол менен жети кап минералдык жер семирткич алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 4-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январда 28 жаштагы эки шектүү «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа менен Баткендин Үч-Дөбө айылынан Тажикстандын Хожаи-Аъло айылына жер семирткич алып өтүүгө аракет кылышкан.

«Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттер каттого алынды. Жети кап селитра салынган унаа токтотулуп, атайын сактоочу жайга жеткирилди», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Жер семирткич ташып бара жаткан унаа. Сүрөт: УКМК.

УКМКдан кармалгандар сурк берип, тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

Өткөн жылы дагы Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасы аркылуу аткез жол менен жер семирткич ташыган кыргызстандыктар кармалган. Жүктөрдү мыйзамсыз ташыгандарды кармоо учурунда ок атылган учрулар да болгон.

Өткөн жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткез жол менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатканын айткан. Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүн аткезчиликке каршы иши «өтө начар» болуп жатканын айтып сындаган.

Атайын кызматтын төрагасы 26-мартта Тажикстан менен чек ара маселеси чечилгенге чейин аткезчилик толук токтотула турганын айткан. Ал «Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт. Ошол эле учурда Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт», — деп убада берген болчу.

Автору: Насикат Жыргалбекова

Тема боюнча:

Баткенде аткез жолу менен Тажикстанга селитра алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды