Бишкек: Мажбурлап никеге туруу максатында кыз уурдагандар кармалды

Бишкекте эки киши мажбурлап никеге туруу максатында кызды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан 27-декабрда 21 жаштагы кыз арыз менен кайрылганын айтышты. Арыз ээси «муз аянтчасынан чыкканда үйүнө узатып коебуз деп алдап, үйунө алып барып никеге турууга» аракет кылган чала тааныш кишилерге чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча «Никеге туруу максатында адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 30 жаштагы эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда аялдарды мажбурлап никеге туруу максатында уурдаган 560 факты катталган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин айтымында, бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирген Зулушев.

Ала-качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Мындай окуя Айзада Канатбекова менен 2021-жылдын апрель айында болгон. Аны Замирбек Теңизбаев ала качып кеткен. Ал кызды зордуктап өлтүрүп андан кийин өзүнө кол салып өлгөн. Иш коомдук резонанс жараткандыгы үчүн, Теңизбаевге Айзаданы уурдоого жардам бергендер тийиштүү жазасын алышкан. Бирок Канатбекованын өлүмүн болтурбай коё албаган милиция кызматкерлери тийиштүү жазаны алышкан эмес.

2018-жылдын Май айынын аягында Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аны эркек бала мажбурлап ала качып кеткен. Бирок алар кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ал кызды бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.

Дагы окуңуз:

Бурулайдын өлүмү: Марсбек Бөдөшов 20 жылга кесилди

Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталган — жактоочу