Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы: ун менен нан кымбаттабайт

Ун менен нандын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынан билдиришти. Алардын айтымында, бийлик дан эгинин импортоо жана кайра иштетүүдө жеңилдетилген нөлдүк кошумча нарк салыгынын (КНС) 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Өкмөт менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, ун өндүрүүчүлөр ундун баасынын «негизсиз» көтөрүлүшүнө жол бербейт, бул тармактагы жумуш орундарын көбөйтөт жана ун жана тоют өндүрүүнү күчтөйт.

7-январга карата ундун баасы 2022-жылдын сентябрь-декабрь айларындагы деңгээлде кармалып турат. Бул аралыкта ундун баасы сортуна жараша бир килограммы 31 сомдон 54 сомго чейин сатылууда.

«Ундун баасы көтөрүлгөн жок жана кымбаттабайт. Анткени Орусиядагы чийки заттын баасы туруктуу», — деп ун өндүрүүчүлөр ишендирүүдө.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы декабрдын аягында 2023-жылдын 1-январынан тартып ун, нан жана дан эгини 15-20%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Бул 31-декабрда дан эгинин импортоо жана кайра иштетүүдө жеңилдетилген нөлдүк кошумча нарк салыгынын (КНС) мөөнөтү аяктап жатканы менен байланыштуу.

Ассоциациянын президенти Рустам Жунушовдун айтымында, бүгүнкү күндө дандын жана ундун кору коркунучтуу чекке жетти. Жунушов бул Орусиядан дан эгинин ташып келүүдөгү жана казак темир жол тилкелериндеги тыгындар көйгөйүнөн улам болгонун айтат.

Декабрдын соңунда ассоциациядан 2023-жылдын 1-январынан тартып КНСтин ставкалары кайра иштеп баштарына байланыштуу дан эгини 12%га, ун — 15%га, ал эми нан — 18-20%га кымбаттайт деп билдиришкен.

2021-жылдын 31-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин өлкөдө дан эгинин импорттоого жана кайра иштетүүгө нөлдүк КНС киргизилген. Мындай чечимди бийлик азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, базар баасын турукташтыруу үчүн кабыл алган.

2022-жылдын Май айынын башында «Клооптун» журналисттери биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баалары тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарын талдап чыгып*, азык-түлүктүн баасы 2019-жылдын апрель айынан тарта орточо бир жарым эсе өскөнүн аныкташкан.

Мисалга, ундун баасы бир жарым эседен ашык өскөн. 2019-жылдын апрелинде бир килограмм ун сортуна жараша 30 сомдон 37 сомго чейин турса, быйыл 50 сомдон өйдө турат. Баалардын күнүмдүк талдоосу көрсөткөндөй, алардын дагы баасы 2022-жылдын март айынын ортосунда кескин өскөн, бул Орусия Кыргызстанга буудайды экспорттоого чектөө киргизген мезгилге туш келет.