Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен оператор Аширбаевдин иши сотко өттү

Сүрөт: Видеодон скриншот

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбаевдин кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу «Клоопко» жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жоошевдин айтымында, алар «кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган» «Опузалап талап кылууга» шектелип жатат. Бирок жактоочу коюлган айыптар тергөөнүн жүрүшүндө далилденбегенин айтууда.

«Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгына кайрылып, Санрабия бир дагы кылмыштуу топко мүчө эмес экени тууралуу маалымкат алганбыз. Маалыматты тергөөчүгө кабарладык, “алгач далилдеп, анан айыпты угуз” деген талапты укпай, ишти сотко жиберди», — деп билдирди Жоошев.

Оператор Аширбаевдин баш коргоо чарасы 13-январда каралмай болду.

Жактоочу белгилегендей, 2022-жылдын ноябрында ишти караган тергөөчү журналисттин кеңсесин бекитип кеткен. Бирок тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөнүнө карабай кеңсени бүгүнкү күнгө чейин ачтырбай жатат.

Сатыбалдиеванын кармалышы

MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана оператору Калыс Аширбеков 2022-жылдын 4-октябрга караган түнү кармалып, 48 саатка камакка алынган. ИИМдин маалыматына ылайык, журналист, оператор жана «Жорго-Таксинин» айдоочусу «акча опузалоого» шектелип жатат.

«3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган», — деп билдиришкен анда милициядан. Бирок кайсы депутаттар экени айтылган эмес.

Ал эми журналист өзү «эч кимден акча албаганын жана бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин тиешеси бар экенин» айткан.

Журналист Баяна Кулова 4-ноябрда Санрабия Сатыбалдиева «мен жазган арыздын негизинде кармалды» деп айтып чыкккан. Кулованын айтымында, Сатыбалдиева депутат Шайырбек Ташиевдин сүйлөшүүсүн аудиого жаздырып алып, таркатам деп коркуткан. Ошондой эле ал «арызын кайтарып алууга белсенип жатканын, бирок ага карата коркутуулар башталганын» кошумчалаган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева кош бойлуу экенин, дарыгерлер анын боюнан козголуп жатканын айтканына карабай камакка алынганын айтып чыккан.

Кийинчерээк журналист бир нече ирет боюнан козголуу коркунучунан улам ооруканага жаткырылган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сатыбалдиевага милиция кызматкерлери адамгерчиликсиз мамиле жасаган деп айыптаган.

Андан соң, ошол эле жылы 5-ноябрда, ал «эч жакка кетпөө тил катынын негизинде» бошотулган.

Сатыбалдиева акыркы Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармоолорго байланыштуу пикирин соцтармактарда ачык жазган. Ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерди, өзгөчө Жалал-Абаддагы жергиликтүү чиновниктерди сындап келет.

2018-жылы журналистке үйүнүн алдында кол салуу болгон. Анда белгисиз киши аны бычактап, журналист ооруканага түшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева жана анын оператору кармалды

Акча опузалоого шектелип кармалган журналист «мени Ташиевдер подстава кылды» деп билдирди

Журналист Сатыбалдиеванын иши: Шайырбек Ташиевдин кандай байланышы бар?

Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду