Энергетика министрлиги: Кытайлык компания Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курат

Кытайлык China National Heavy Machinery Corporation компаниясы Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулугу 21 Мвт чакан ГЭС курат. Бул тууралуу 14-январда Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кытайлык компания менен кызматташуу тууралуу меморандумга 13-январда кол коюлду. Ага энергетика министри Таалайбек Ибраев, эконокмика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, финансы-кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов жана кытайлык компаниянын вице-президенти Женг Хенсонг катышты.

Министр Таалайбек Ибраев документке кол коюу өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюуга багытталган негизги кадамдардын бири экенин белгиледи.

Сүрөт: Энергетика министрлиги.

Электр энергиясынын тартыштыгы

Кыргызстанда бир нече жылдан бери электр энергиясынын тартыштыгы жаралып келет. Калктын керектөөсү күндөн-күнгө өсүүдө, бирок электр станцияларынын жетишерлик кубаттуулугу жок.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» жакында эле электр энергиясын керектөө кескин жогорулаган билдирип, жабдууларды ашыкча ысып кетүүдөн жана иштен чыгуудан сактоо үчүн электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Өткөн жылы 8-июнда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо салтанаты өткөн. ГЭСте жалпы төрт агрегат иштей турганы, биринчисин 2028-жылы ишке киргизүү пландалып жатканы айтылган.

Мындан сырткары өлкө башчысы 8-январда өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык каржы институттарына энергетика жаатында кызматташууну сунуштаган. Ал Кыргызстан гидроресурстарга бай экенин белгилеп, бирок 10% гана потенциалын колдонуп жатканын кошумчалаган.