13 жашар кыздын зордукталышы: Өспүрүмдүн ата-энеси соттун өкүмүнө нааразы

 Бишкекте эки милиционер жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталган 13 жашар кыздын ата-энеси соттун чечимине нааразы. Алар «Кактус Медиа» басылмасына маек куруп, президент Садыр Жапаровдон жардам сурашты.

12-январда Бишкек шаардык соту бир милиция кызматкерин 6 жылга, экинчисин 9 жыл эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн кыскартып койгон.

«Мен сот акчага сатылды деген ойдомун. Анткени, соттолуучулардын жактоочулары, туугандары мага акча сунушташты. “Акча алсаң ал, албасаң биз аны сотко берип, ишти буруп коёбуз” деп ачык эле айтышты. 12-январдагы соттун өкүмүн укканда күнөөлүү тараптын айткандары орундалганын түшүндүм», — деди кыздын атасы.

Ошондой эле ал, эки милицонер буга чейинки сот отурумунда «кылмышкердей ойлуу отурса, акыркы отурумда күлүп-жайнап, жыргап отурушканын» белгиледи. Жабырлануучу тарап алар соттун чечимин алдын ала билген деген ойдо.

Кыздын атасы Садыр Жапаровдон ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

«Кызым бул зөөкүрлөрдүн айынан өзүнө бир нече жолу кол салды. Тез жардам кызматы менен ооруканага алып барып, өмүрүн сактап калып жаттык. Бишкек шаардык сотунун чечимин укканда кызым ойго батып “ата, алар 5-6 жылдан кийин чыкса, мени өлтүрүп кетишпейби” деп сурайт», — деди ал.

Өспүрүмдүн ата-энеси «кызынын психологиясы бузулуп, ачуусу бат келип, сүйлөшүүсү кыйындап бара жатканын» айтышты.

Жабырлануучу татаптын айтымында, айыпталуучулардын жакындары азыркыга чейин коркутуп келишет.

Кыздын ата-энеси күнөөлүүлөр татыктуу жазаланып, өмүр бою эркинен ажыратылышы кереп деп белгилешти.

Секелектин зордукталышы

Бишкектин Свердлов райондук соту 2022-жылдын 30-августунда 13 жаштагы кыздын эки милиционер жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталышы боюнча козголгон кылмыш ишти териштирүүнү аяктаган.

Анда кароолчу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп бере турган болгон. Андан тышкары, милицонерлер абактан чыкккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпайт.

Бирок 12-январда Бишкек шаардык соту бир милиция кызматкерин 6 жылга, экинчисин 9 жыл эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн кыскартып койгон. Үчүнчү айыпталуучуга, «Дордой» базарынын кароолчусуна чыгарылган өкүм күчүндө калтырылган.

Өспүрүм кыздын зордукталганы 2021-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

Ошондой эле, зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдары сотко өткөн.