Сот Бишкек мэриясы жана мамлекеттик резиденциянын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салды

Бишкектин Ленин райондук соту райондук акимиаттын 16-январдан 1-апрелге чейин тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, президенттин мамлекеттик резиденциясынын, Бишкек шаардык мэриянын, Украинанын жана АКШнын элчиликтеринин, ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдында митинг өткөрүүгө болбойт. Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок.

Митинг өткөрүү үчүн Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы паркта гана чогулууга болот.

Соттон Бишкектин Ленин райондук акимиаты сотко «акимиатка келип түшкөн маалыматтардын анализи калаанын аймагында орус-украин куралдуу жаңжалына байланыштуу митингдер улам-улам өтүп жатканын тастыктайт» деген жүйө менен кайрылганын айтышты.

«Митинг учурунда акцияга катышкандар улуттар аралык жек көрүүгө алып барган чагымчыл чакырыктарды айтышат, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына тийиштүү маселелер көтөрүлөт. Атап айтканда, алдыдагы митингдерде, Илюшин Т.А. аттуу активист блогердин 2023-жылдын 10-январында келип түшкөн билдирүүсүнө ылайык, шаардыктарды жана ар түрдүү диаспораларды Орусия Федерациясынын аскердик агрессиясында Украинаны колдоого үгүттөгөн чакырыктар бар, бул биздин өлкө үчүн туура келбеген нерсе», — деп айтылат кайрылууда.

Андан тышкары, акимиаттагылар Ленин районунда мэриянын, Украинанын жана АКШнын имаратынын алдындагы митингдер «шаардын күнүмдүк турмушуна, ошондой эле шаар тургундарынын жана борбор калаанын конокторуна тоскоолдук кылып жатканын» айтышты. Ошондой эле, мамлекеттик резиденцияга жакын жашаган жарандар «митингчилердин микрофондорунан чыгып жаткан ызы-чуу, кыйкырыктарга, ошондой эле коомдук тартиптин бузулуп жатканына, анын ичинде балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатышканын айтып» даттанып жатканын белгилешти.

Жыйынтыгында Бишкектин Ленин райондук соту акимиаттын митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ленин району митинг өткөрүүгө тыюу салынган жалгыз аймак эмес Мындай тыюу 2022-жылдын мартынан тартып Биринчи май районунда да иштеп жатат. Чектөөлөр Орусия элчилигинин алдында бир нече акция — Орусиянын Украинадагы согушуна каршы жана Украинаны колдоо боюнча акциялар өткөндөн кийин киргизилген. Соттун акыркы чечимине ылайык, чектөөлөр 31-мартка чейин күчүндө болот.

Тынчтык чогулуштарын Орусия элчилигинин, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Панфилов паркында, Жогорку Кеңештин, Президенттик администрациянын, Жогорку соттун жана УКМКнын алдында өткөрүүгө болбойт.

Соттон бул чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жоктугун белгилешти. Калган башка митинг жана акциялар Максим Горький атындагы паркта өтүшү керек.

Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин жөнсүз деп атаган. Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеген. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.

Башкы беттеги иллюстарциялык сүрөт.