Акылбек Жапаров: Майлуу-Суудагы авария боюнча кылмыш иши козголду, күнөөлүүлөр жоопко тартылат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аварияга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 18-январда билдирди.

Жапаров Майлуу-Сууга иш-сапары менен келди. Анын басма сөз кызматынан төрага жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышканын билдиришти.

Андан соң ал жылуулуксуз калган батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан.

«Ушул ызгаардуу суукта сиздер кыйын кырдаалга кабылып турасыздар. Сиздер жалгыз эмессиздер. Биз жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезеги менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деп убадалады ал тургундарга.

Ошондой эле Жапаров оңдоо иштерине бюджеттен 20 млн сом бөлүнөрүн кошумчалады.

13-январда Майлуу-Суу шаары ызгаарда жылуулуксуз жана суусуз калган, мындан улам өзгөчө абал киргизилген.

Анда ӨКМ 12-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Ведомство 14-январда суу тосмо булактын суусу менен толтурулуп, №1 жылытуу мешине коё берилгенин билдирген. Жыйынтыгында, тургундарга жылуулук бериле баштаган. Кырсыктан улам үч от казан жарактан чыккан.

Калаадагы билим берүү мекемелери кырдаал турукташканча онлайн режимге өтүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Кадырбеков Майлуу-Суудагы кырдаал боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Жалал-Абад: Майлуу-Суудагы билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү

ӨКМ: Майлуу-Сууда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди