«Кумтөрдүн» издөөдө жүргөн мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов Түркиядан кармалды

Канат Курманов. Сүрөт: «Акчабар» порталы

«Кумтөр голд компани» жабык акционердик коомунун издөөдө жүргөн мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды. Маалыматты «Клоопко» Башкы прокуратурадан 19-январда тастыкташты.

Прокуратурадан билдиришкендей, Курманов Түркияда кармалып, көзөмөл органдын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Буга чейин прокуратура Курмановго издөө жарыялаган. Ага «Кумтөрдөгү» коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында «Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу» беренеси менен айып тагылган.

Башкы прокуратурадан Курманов сыртынан камакка алынганын билдиришкен.

Канат Курманов «Кумтөрдүн» аткаруучу директорлугуна 2022-жылдын башында дайындалган.

Башкы прокуратуранын текшерүүсү жана кармоолор

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

Ал шаардык соттун чечими менен 2023-жылдын 10-мартына чейин абакта калтырылган. Бөлтүрүк өзү сотто ага карата кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан.

Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган. Алардын баары Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кумтөр» иши. Бишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктү камакта калтырды