Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыялады

Башкы прокуратуранын Төргөө башкармалыгы «Кумтөр голд компани» жабык акционердик коомунун аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыялады. Бул тууралуу 15-сентябрда көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Курмановго «Кумтөрдөгү» коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында «Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу» беренеси менен айып тагылганы айтылды.

Башкы прокуратурадан Курманов сыртынан камакка алынганын билдиришти. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Канат Курманов «Кумтөрдүн» аткаруучу директорлугуна 2022-жылдын башында дайындалганы белгилүү.

Башкы прокуратуранын текшерүүсү жана кармоолор

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлады. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспека Токтогулов дагы кармалган. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтор Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.