Бишкек: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө газ менен жылытуу ситемасын орнотууга насыя берилет

Иллюстративдик сүрөт: «Кабар» агенттиги

Бишкектеги абанын булганышынын алдын алуу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө газ менен жылытуу системасын орнотуу үчүн үстөксүз насыя берилет. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров 21-январда «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

«Эгерде шаар тургундарынын газ менен жылытууга каражаты жок болсо, Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен аларга үстөксүз насыя берилет. [...] Жыл сайын 5-7 турак-жай массивине газ киргизип, бир нече жылдан кийин баарын камтыйбыз. Бүгүнкү күндө “Газпромдун” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Абдыкадыров азыркы тапта газ кире элек 20 конуш бир нече жылда газга туташарын белгилеп, бул процесс «создуктурулуп кеткенин» моюндады.

Буга чейин, 20-январда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги конуштардын жашоочуларын жакынкы эки жылда газ менен жылытууга өткөрүүгө милдеттендирүүнү тапшырган. Анын айтымында, бул иш 2023-жылдын мартында башталышы керек.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууктап баштаганда Бишкек абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи орундарга чыгат.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик калаадагы абанын булганышына сапатсыз бензин менен жыш жайгашкан курулуштар себеп экенин атаган.

Андан тышкары, ЮНИСЕФ жарыялаган изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасиринен 112 адам кайтыш болгон. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги изилдөөдө келтирилген сандан күмөн санаган.

Бирок, январдын башында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин тургундарын күтүлүп жаткан ыш жана сууктан улам жакынкы күндөрү көчөгө чыкпоого чакырган.

Ал эми үйдөн чыгууга аргысыздарга ачык абада спорт менен машыкпоо, дененин ачык жерлерин (бетти, колдорду) жаап, сезонго ылайык кийинүү, беткап же респиратор тагынып жүрүү, кымгуут убакта эшикке чыкпоо, автотранспорт көп чогулган жерлерден (базар, көчөнүн кесилиштери) алыс жүрүү сунушталган.

Мурдараак президент Садыр Жапаров Бишкектеги ыш маселесине комментарий берип жатып, «желим жана чүпүрөк жагып жаткан» мончолордун ордуна жаңы мончолорду курууну сунуштаган. Ошондой эле, өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА:

Сунуштарыбыз аткарылбай, абал өзгөрбөй жатат — Movegreen’дин башчысы Бишкектеги ыш тууралуу

Ыш менен күрөшүү: Шаардагы конуштардын тургундары газга өтүүгө милдеттендирилет