Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов дарылануу үчүн Москвага учуп кетти

21-январда Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы, милициянын генерал-майору Самат Курманкулов дарылануу үчүн Орусиянын Москва шаарына жөнөп кетти. Ал 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу учурунда башына таш тийип, жаракат алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Курманкулов Москва шаарындагы калыбына келтирүү борборунда дарыланарын билдирди.

«Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, батыраак сакайып кетсин. Колдоо көрсөткөн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Саматка жана "Манас" аэропортунун жетекчисине ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Өткөн жылдын 3-ноябрында Курманкулов пенсиясын көтөрүп берүүнү суранып бийликке кайрылган. Ал буга чейин алып жаткан пенсиясы дары-дармегине жетпей жатканы айткан.

Самат Курманкулов

Чүй ОИИБдин башчысы болгон Курманкулов 2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу учурунда башына таш тийип, жаракат алган.

Ал алгач Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, өзүнө келбей абалы оорлогондо Москвадагы Бурденко борборуна которулган. Ал жактан башына операция жасалгандан кийин 2020-жылдын апрелинде Кыргызстанга кайткан.

2021-жылы 5-мартта милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.

Буга чейин Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган — аны экс-президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.

Тема боюнча:

Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов бийликтен колдоо сурады

Самат Курманкуловго генерал-майор наамынын погондору тапшырылды

Кой-Таш окуясы: Президент Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловду «Эрдик» медалы менен сыйлады