«Кумтөр» Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө 1,4 миллиард сом бөлөт

Быйыл «Кумтөр» ишканасы Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга 1,4 миллиард сом бөлөт. Бул тууралуу 21-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, каражаттын 900 миллион сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна, ал эми 500 миллон сому Нарын облусуна каралган.

Минкабдын төрагасы каражат бир жылдын ичинде берилет деп белгилеп, каржылоо март айында башталарын кошумчалады.

Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары февралдын аягына чейин каржылоонун негизинде ишке ашыра турчу долбоорлорду тандап алышы керек.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтөр Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.

«Кумтөрдөгү» текшерүү жана кармоолор

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган. Алардын баары Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.