Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахунов менен Сыдыковду кыйноо иши боюнча күнөөлүүлөрдү тапкан жок

Викрам Рузахунов/Чолпонбек Сыдыков

Казакстандын Башкы прокуратурасы январь окуясында кыргызстандык Викрам Рузахуновдун жана Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого алынышы боюнча айыптууларды тапкан жок. Бул тууралуу «Тіл кеспек жоқ» казак басылмасы билдирди.

Басылманын журналисттери Башкы прокуратурага сурам кат жиберип, «Иликтөөнүн жыйынтыгында Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковду кыйноого шектелгендердин өздүгү такталган жок» деген жооп алышкан.

Прокуратура шектүүлөрдүн өздүгү такталбагандыктан, сотко чейинки тергөө мөөнөтү токтотулганын кошумчалашкан.

2022-жылдын декабрында кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча кылмыш ишин иликтөө экспертиза дайындалгандыктан убактылуу токтотулганы белгилүү болгон. Музыкант өзү журналисттерге 2022-жылдын сентябрь айында жактоочусу менен бирге Казакстанга барып, тергөө иштерине катышып, аны кыйноого жана мыйзамсыз кармоого катышкан полиция кызматкерлерин тааныганын айтып берген.

Рузахуновдун жана Сыдыковдун кармалышы

Викрам Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен 9-январь күнү бети-башы көгала, өзүн жумушсуз кыргызмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген адамды көрсөтүшкөн.Кыргызстандагылар аны таанып калып, ал белгилүү джазмен Рузахунов экенин айтып чуу чыгарышкан соң музыкант 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

«Жөн жерден эле кармалган жүздөгөн адамдын арасынан мени тандап, сөздөрдү жаттатып, камерага айтууга мажбурлаган адамга рахмат айтам», — деп белгилеген ал.

Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш иши 10-февралда козголгон. Сентябрда музыкант Казакстандын Антикоррупциялык кызматынын чакыруусу менен жабырлануучу катары тергөөгө катышуу үчүн коңшу мамлекетке барып келген.

Рузахунов аны «өлтүрүүгө аракет кылган» полиция департаментинин жетекчисин жана «камакта кезинде уруп-сабап» суракка алгандарды жоопко тартуу керек деп белгилеген. Кийинчерээк ал укук коргоо органдары 8 ай ичинде акыйкат тергөө жүргүзбөгөнүн айткан.

Ошондой эле Казакстанда кармалып, кыйноого кабылганын дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков айтып берген. Анын айтымында, ал өткөн жылдын 8-январынан 10уна чейин эки полиция бөлүмү тарабынан кыйноого алынган. Сыдыков аны мушташканын, тепкилеп, дубинкалар менен сабап эки бутун жана кабыргаларын сындырышканын айткан.

Жабырлануучу Казакстандагы кыйноолордон кийин ага бир нече жолу операция жасалып, жарым жыл бою төшөктө жатканын белгилеген.

Январь окуялары

Коңшу өлкөдөгү нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган.

Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Башаламандыктар учурунда расмий маалымат боюнча 238 адам каза тапкан — анын экөө Алматыда иштеген кыргызстандык Бахтияр Базарбаев жана Азис Мусаев.

Жалпысынан январь окуясына катышкан деген шек менен 10 миңдей адам кармалган. Ошол эле учурда укук коргоочулар жана кармалгандардын жакындары убактылуу кармоочу жайда жана ТИЗОдо кармалгандарга кыйноолор болгонун билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстанда Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча тергөө убактылуу токтотулду

Музыкант Викрам Рузахунов тергөөгө катышуу үчүн Казакстанга барды

Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Викрам Рузахуновду Алматыга чакырды