Депутат Дастан Бекешев «Азаттык» жабыла турган болсо башка массалык маалымат каражаттарынын баары «коррупцияны ашкерелеген фактылар менен макалаларын жарыялоодо этияттап калышы мүмкүн» деп билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.
«Андан кийин прецедентти дагы бир ЖМКга каршы колдонушат, анан баары тынчып калат. Ал тургай соцтүйүндө жазып жүргөндөрдүн дагы калеми мокойт. Медианы оңой эле жаап жатышкан жерде эркиндик менен мүлктү деле оңой тартып алышат», — деп эсептейт Бекешев.
Ал эркиндиги жок жана ага ээ болууну ойлонбогон адамдар үчүн сөз эркиндигинин абалы начар болуп турганы жакшы, себеби андай адамдар, «орден, грамота, мактоо жана башка баш сылоолор» үчүн жанын бергенден кайтпат деп эсептейт.
«Бирок эркиндикке каршылар көп болгону өлкө үчүн эле жаман. Андай өлкө айрым “көпөстөрдү” гана тейлеп, алардын “жетишкендиктерине” гана кол чаап калууга аргасыз болот», — деп жазды эл өкүлү.
«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү
2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.
Министрликтен «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.
Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.
ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктан» чектөөнү алууну талап кылышкан.
Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.
Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө менен тынбаган. 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Сот арызды 9-февралда карайт.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай акыркы жагдайга байланыштуу комментарий берип, алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирген.
Ал эми Кыргызстандын медиакоомчулугу Маданият министрлигинен «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылган. Билдирүүгө «Медиа Полиси Институту», Журналисттердин көз карандасыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси, Иликтөөчү журналисттердин фонду сыяктуу бир катар уюмдар, ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарынын жетекчилери менен журналисттери кол коюшкан.
Билдирүүдө Маданият министрлигинин «Азаттыктын» сайтын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына таянып бөгөттөө чечимин кабыл алганы башында эле мыйзамсыз болгонун, себеп дегенде мыйзамда сайт өздөрүнө карата такталбаган, ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар таратылган деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы менен гана бөгөттөлөт деп айтылган.
«Азаттыктын» мисалында министрликтин дарегине андай арыз түшкөн эмес.