ИИМдин курсанты Айза Улан кызын өлтүрө коюп кетүүгө шектелген айдоочу үй камагында калды

Бишкек шаардык соту 24 жаштагы Айза Улан кызын өлтүрө коюп кетүүгө шектелген айдоочунун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ошентип, шаардык сот айыпталуучуну үй камагында калтыруу боюнча биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Шаардык соттун басма сөз кызматынан шектүүнүн адвокаты сотко коргоп жаткан адамынын оорусу оор илдеттердин тизмесине кирери жана аны камакта кармоого болбосу тууралуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусун көрсөткөнүн билдиришти.

«Айыпталуучу “өнөкөт гломерулонефриттин гипертоникалык формасы менен ооруйт. Бешинчи стадиядагы өнөкөй бөйрөк кемтиги бар, терминалдык даражасы” […] Жагдай ушундай болгондуктан прокуратуранын Бишкектин Свердлов райондук сотуна берген аппеляциялык арызы канааттандырылган жок», — деп айтылат маалыматта.

Айза Улан кызын өлтүрө коюп кетүүгө шектелген киши.

ИИМдин академиясында окуган 24 жаштагы Айза Улан кызын 9-январда эртең менен унаа коюп кеткен. Айдоочу курсант кызды Республиканская көчөсүндө жолдон өтүп баратканда коюп кеткен. Аандан кийин айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, милициядан үч күн жашырынып жүргөн, бирок ал видеокөзөмөл камералары аркылуу табылып, кармалган.

17-январда Бишкектин Свердлов райондук соту аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан, анын үстүнө шектүү мурда укук коргоо органдарында иштегени белгилүү болгон.

Натыйжада судьялар маалымат жыйын куруп, шектүүнү эмне үчүн үй камагына чыгарышканын түшүндүрүп берүүгө аргасыз болушкан. Тергөөчү судья Айзада Исаеванын айтымында, шектүүнүн оорусу айыпталуучуларды же шектүүлөрдү камакка алууга жол бербейт.

Ал судья шектүүгө зарыл болгон учурда медициналык мекемелерге, сотко жана тергөө органдарына келип турууну эсепке албаганда күн-түн үй камагында болуу жана башка чектөөчү бөгөт чарасын колдонгонун белгилеген.

Соттун чечиминен кийин Айза Улан кызынын туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылып, «Айзанын өлүмү үчүн күнөөлүү адамды адилеттүү түрдө жазага тартууну, ал эми тергөөчү судья Айзада Исаеванын ээлеген кызматын адилетсиз чечим чыгарганы үчүн кайра карап чыгууну суранышкан».