«Көз жашка жуулган макулдашуу». Абактагы активисттердин жакындары Мирзиёевге кайрылышты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары жана туугандары Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевге кайрылышты. Катта алар Мирзиёев менен президент Садыр Жапаров кол коюшу мүмкүн болуп турган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим «алардын көз жашына жуулган» деп белгилешти.

«Бейкүнөө адамдардын өмүрү, алардын үй-бүлөлөрүнүн, өзгөчө жаш балдардын, кары-картаң ата-энелердин көз жашы, азап-тозогу бул тарыхый чечимди иш жүзүнө ашыруунун курмандыгы болуп жаткандыгын сизге билдирип коюу биздин милдет. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан тарапка өткөрүп берүү маселеси боюнча каршы пикирин биринчилерден болуп ачык айтууга батынганы үчүн гана биздин апаларыбыз менен аталарыбыз, өмүрлүк жолдошторубуз, уул-кыздарыбыздан турган, жалпысынан алганда 24 адам 100 күндөн ашык камакта отурушат.

Бүгүн бул чек ара маселесине чекит коюлат, бирок биздин азап-тозокторубуз качан бүтүп, абактагылар көптөн күткөн эркиндигине качан ээ болору белгисиз», — деп айтылат кайрылууда.

Камалгандардын жакындары Кемпир-Абад ишинин фигуранттарынын бири да «өлкөнүн туруктуулугуна жана чек ара маселесинин чечилишине эч кандай коркунуч жаратмак эмес» деп белгилешти.

«Мына ушул кайрылуубуз аркылуу сиз кол коё турган келишим биздин көз жашыбызга жуулгандыгын өкүнүч менен эсиңизге салгыбыз келет. Албетте, мындай көрүнүш эки элдин ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана достукту чыңдоого эч кандай салымын кошпойт! Кандай болгон күндө да, биз адилеттүүлүктүн бар экенинен үмүт үзбөй, жакындарыбыздын эртерээк эркиндикке чыгышына терең ишенгибиз келет», — деп кайрылышты алар.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бир бөлүгү.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирген.

18-январда ИИМдин тергөөчүлөрү абактагы активист, саясатчылардын жапырт кармалганы боюнча ишке жашыруун гриф беришкен. Ал эми адвокаттар мындай чечимге эмне себеп болгонун билбей жатканын айтышкан.