Милиция Ноокаттагы тамактануучу жайда сабалган өспүрүмдүн окуясын териштире баштады

Милиция Ош облусунун Ноокат районундагы тамактануучу жайда белгисиз адамдын жаш баланы урганы боюнча териштирүү ишин баштады. Бул тууралуу 27-январда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда тамактактануучу жайлардын биринде белгисиз киши тамак жеп отурган жаш баланын жанына барып, аны бетке, башка чапкылаган видеосу тараган.

Милиция бул ишти териштирип, окуя 26-январда саат 19:20 чамасында Ноокаттагы «Элдос» кафесинде болгонун аныктады. Ал эми өспүрүм Умиров участкасынын 7 жаштагы тургуну экени, ал эми аны чапкылап, денесине жаракат келтирген киши Кеңеш айылынын 30 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Азыркы тапта өспүрүмгө карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми милиция териштирүү ишин жүргүзүп жатат. Ош ОИИБи текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын июнь айына чейин балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. 400 фактынын 55и — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июль айынын аягында ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны өскөнүн билдирген.

Балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткан шартта парламент депутаттары педофилдерди хирургиялык кастрациялоону сунушташты. Жогорку Кеңеште өлүм жазасын киргизүү сунушу да айтылган.

Тема боюнча:

ИИМ: Жыл башынан бери өлкөдө балдарга карата 400дөн ашуун зомбулук фактысы катталды