Ноокат: Тамактануучу жайда өспүрүмдү сабаган киши кармалып, кылмыш иши козголду

Ош облусунун Ноокат районундагы тамактануучу жайда жаш баланы урган киши кармалды. Бул тууралуу 28-январда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан шектүү баланын тууганы же таанышы эмес экенин белгилешти. Бул иш боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми өспүрүмгө карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда тамактактануучу жайлардын биринде белгисиз киши тамак жеп отурган жаш баланын жанына барып, аны бетке, башка чапкылаган видеосу тараган.

Эртеси күнү милиция өспүрүм Умиров участкасынын 7 жаштагы тургуну, ал эми аны чапкылап, денесине жаракат келтирген киши Кеңеш айылынын 30 жаштагы тургуну экенин аныктаган.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын июнь айына чейин балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. 400 фактынын 55и — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июль айынын аягында ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны өскөнүн билдирген.

Балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткан шартта парламент депутаттары педофилдерди хирургиялык кастрациялоону сунушташты. Жогорку Кеңеште өлүм жазасын киргизүү сунушу да айтылган.

Тема боюнча:

Милиция Ноокаттагы тамактануучу жайда сабалган өспүрүмдүн окуясын териштире баштады

ИИМ: Жыл башынан бери өлкөдө балдарга карата 400дөн ашуун зомбулук фактысы катталды