Зулушев Sputnik Кыргызстандын Баткендеги иликтөөсү боюнча текшерүү болорун убада кылды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Sputnik Кыргызстандын Баткен облусундагы үйлөрдүн курулушу боюнча иликтөөсүндө айтылган маалымат текшерилет деп ишендирди. Бул тууралуу ал 31-январда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтты.

«Биз бул боюнча текшере элекпиз. Жаңы маалымат чыкты. Бирок тапшырма беребиз, Баткен облустук прокуратурасы бул боюнча тиешелүү документтерди бүт карап чыгат», — деди Зулушев.

Жакында эле Sputnik Кыргызстан 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган объектилердин ордуна салынып жаткан Баткен облусундагы үйлөрдүн курулушу боюнча иликтөөсүн чыгарган.

Басылманын журналисттеринин айтымында, үйлөрдү куруу боюнча 1,3 млрд сомдук тендерди уткан «Аманат Курулуш Инвест» компаниясына 2022-жылдын ноябрына чейин Кыргыз улуттук университетинин 20 жаштагы студенти ээлик кылган. Журналисттер аталган фирманын курулушта тажрыйбасы жоктугун белгилешкен.

Ошондой эле, алардын маалыматына ылайык, былтыркы жылдын ноябрында компания Давид Камбаров деген кишинин колуна өткөн, журналисттер Камбаровдун президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев менен байланышы бар экенин айтышууда.

Давид Камбаров (солдо) жана Каныбек Туманбаев (оңдо). Sputnik Кыргызстандын видеосунан скриншот.

Баткенди калыбына келтирүүнүн жай темпи

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 83 киши экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.

Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин айтып нааразы болушууда. Калыбына келтирүү иши жай болуп атканы парламентте да айтылып, курулуш компаниясын текшерүү керектиги белгиленген. Буга Мамкурулуштун мурдагы башчысы Нуртажин Жетыбаев бийлик «Аманат Курулуш Инвесттин» директорун таппай жатат деп жооп берген.

2023-жылдын январь айынын орто ченине карата бийлик кыйраган 400 үйдүн 45ин гана куруп бүткөн.