Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө буюртма берүү кызматы ишке кирди

Өлкөдө туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, жарандар Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү онлайн каттоо менен бирге көрсөтүлгөн дарекке жеткирүүнү буюртма кыла алышат.

«2022-жылдын ноябрынан тарта жаңы сервис пилоттук режимде иштеп жатат. Жогорудагы кызматтарды ишке киргизүү жарандарга үйлөрүнөн чыкпастан жана калкты тейлөө борборлоруна барбастан кызматтарды алууга мүмкүндүк берет», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөк пул алуу үчун эки маалымкат кыскартылганын билдирген. Маалыматка ылайык, «Санарип Аймак» автоматташтырылган системасы Социалдык жардам көрсөтүүнүн кооперативдик маалыматтык тутуму менен биргеликте «Түндүк» электрондук системалары аркылуу иштеп, өз-ара маалымат алмашуу жүргүзмөй болгон.

2022-жылы Европа Биримдиги Кыргызстандагы санариптештирүүнүү өнүктүрүү үчүн 3 млн евро бөлгөн.

Ал эми 2021-жылдын аягында аталган биримдик билим берүү сектору менен санариптештирүүнү колдоо үчүн грант түрүндө 19,4 млн евро бөлүп берген.

Электрондук системага өтүү

2022-жылдын 11-майынан тарта минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышууларды электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырган.

2022-жылдын январь айынын башында ал бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген болчу.

Ал эми президент Садыр Жапаров 2021-жылдын аягында эле маморгандарда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин тездетүүнү тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Санарипке өтүү: Жөлөк пул алуу үчүн айрым документтерди чогултуу жеңилдеди