Маркум журналист Галымбетованын эжеси: Бир үмүтүм Ташиев менен Жапаровдо

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова 23-январда «Клоопко» маек берди. Анда ал блогер Батмакан Жолболдуевага карата доосу жоктугун, сиңдисинин өлүмүнө башка тараптар кызыкдар болушу мүмкүн экенин айтты.

Ал адегенде «Батмакан Жолболдуеваны чынында күнөөлүү» деп эсептегенин, бирок кийинчерээк «сиңдим бир кишинин айткан сөзүнөн эле өлүп калмак эмес» деген бүтүмгө келгенин айтып берди.

«Кызым ооруп, Бишкекте жүргөндө эки оттун ортосунда калып, күнөө чын эле Батмаканда деп ойлогон элем. Анан акырындык менен эс-акылымды жыйып карасам, анын күнөөсү жок. [...] Эми азыр көзүм менен көрбөгөндөн кийин кимдин күнөөлүү экенин айтыш кыйын. Азыр бири келсе, бири келбей соттук отурум улам жылып жатат. Анан кечээгиде Алихан Ураимов [Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат башчысы] “силер Батмакан менен жарашып алдыңар, сен сиңдиңдин сөөгүн саттың” деди. Негизи ушул сөзгө деле жооп бериши керек», — деди Тажигүл Галымбетова.

Галымбетова аткаминердин айткандарына байланыштуу милицияга арыз менен кайрылганын билдирди. Ал блогерге сиңдисинин өлүмүнө байланыштуу доосу жок экенине карабастан «облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов Жолболдуеваны каматууну көздөп жатат» деп эсептейт.

Ал эми Ураимов «Клоопко» буга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

*Блогер Батмакан Жолболдуева учурда Алихан Ураимовдун арызынын негизинде «Бейбаштык» беренеси менен айыпталып жатат. 2022-жылдын февралында Жолболдуева менен Ураимов чырдаша кетип, аткаминер блогерди бетке муштаган. Аталган факты милицияга катталып, териштирүү жүрө баштагандан кийин Ураимов видеокайрылуу жасап, Жолболдуевага кол көтөрбөгөнүн айткан. Ошондой эле аны «коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат» деп айыптаган. Кийинчерээк соттук-медэкспертиза тескерисинче Ураимов «ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил жараат алганын» аныктап, анын негизинде Жолболдуевага кылмыш иши козголгон.

«Аңдуулар болду»

Тажигүл Галымбетова сиңдисинин колдонуп жүргөн ноутбугу бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жаткандыктан «аны атайын жоготушканбы» деп шектенип жатканын айтат.

Ошондой эле анын иликтөөдө алынган эки чөнтөк телефонун «“ача алган жокпуз” деп 2 ай өткөндөн кийин кайтарып беришкенин, бирок маалыматтар менен сакталган контакттардын баары өчүрүлгөнүн» билдирди.

Галымбетова учурда чындык издеп жүргөнүн, анын артынан да аңдуулар болгонун айтты.

«Садыр Жапаров менен Ташиевге [Камчыбек] кечээгиде Баткенге келгенде жолугайын деп артынан Ак-Сайга чейин бардым. 3-4 мүнөт кечигип калыптырмын, тарап кетишиптир. Анан артыман күч органдарын салып коюшту, эки-үч унаа алмаштырсам деле артыман түшүп, үйүмө чейин аңдып келишти. Мен президенттин кортежи жаныман өтсө өзүмдү астына таштаганга даяр элем. Бир үмүтүм ушул Ташиев менен Садыр Жапаровдо калды да», — деп белгиледи ал.

Галымбетованын өлүмү, Жолболдуеванын кармалышы

Арзыгүл Галымбетова жана Батмакан Жолболдуева

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон.

Анын кесиптештери журналист акыркы убактарда «каралоолорго кабылганын» жазышкан. Мындан сырткары Галымбетова өзү да фейсбугунда каралоорго кабылып жатканын айткан.

Анын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Ага Галымбетованын 25-мартта Жолболдуеванын үстүнөн «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп милицияга арыз жазганы себеп болгон.

Андан кийин Жолболдуевага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Блогердин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева козголгон иштер негизсиз экенин айтып, аны блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Блогер 18-августта Баткен райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маркум журналист Галымбетованын эжеси: Сиңдимдин өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды