Кемпир-Абад иши: Активист Темир Махмудов камакка алынды

Жаңылык толукталат

2-февралда активист Темир Махмудов камакка алынды. Бул маалыматты «Клоопко» 3-февралда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Маалымат боюнча, Махмудов 20-февралга чейин Бишкектин ТИЗО-1ге киргизилген.

Биринчи май райондук сотунан активист кайсы берене боюнча кармалганын сураганда, отурум «жабык каралгандыгы үчүн» башка маалымат берилбесин айтышты.

Бирок Kaktus.media менен «Азаттык» басылмалары райондук сотко шилтеме менен Махмудов Кемпир-Абад иши боюнча «массалык башаламандыкты уюштурууга даярданууда» шектелип кармалганын жазышкан.

Бул иш боюнча буга чейин 27 адам кармалган. Алардын бири Орозайым Нарматова 30-январда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Бирок кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда.

Ошондой эле ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен «жашыруун» макамын берген. Бул бардык сот отурумдары жабык режимде, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер жана көз карандысыз байкоочулар катыша албайт дегенди билдирет.