«Абалым начарлап баратат». Равшан Жээнбеков көз карандысыз дарыгерлер кеңешин түзүүнү суранды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 3-февралда Бишкектеги ТИЗО-1ден кат жазды. Ал Юстиция министрлигине, Кыйноолорду алдын алуу борборуна, Акыйкатчы институна, ЖМКга жана укук коргоо уюмдарына кайрылды.

Катты «Клоопко» анын жакындары жөнөттү. Жээнбеков анда көз карандысыз дарыгерлер кеңешин түзүүнү жана боорун дарылоого көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

«Жаза аткаруу кызматы боорумду дарылоо үчүн ооруканага жаткыруу өтүнүчүмө «сунушталган дарылануудан баш тартты» деп жооп берди. Мага Молдовановкадагы №31 колонияда дарыланууну сунушташты, ал жерде квалификациялык жана адистештирилген дарыланууга, квалификациялуу дарыгерлердин көзөмөлүндө күчтүү дарыларды ичүүгө мүмкүн эмес», — деп жазды ал.

Ошондой эле Жээнбеков дарыгерлер ага «абалы оорлошуп кетпеси үчүн, мүмкүн болушунча эрте ичүүнү» сунуштап, күчтүү дарыларда жазып бергенин белгиледи.

«Кайталап айткым келет, анализдин жана УЗИнин жыйынтыгы боюнча ден соолугум күндөн-күнгө начарлап баратат. ЖАК бул көрсөткүчтөргө да кайдыгер мамиле жасап, абалымды анча деле оор эмес деп баалап жатат. Мындай учурда ЖАКтын дарыгерлери боорумду цирроз кылып, андан кийин гана адистештирилген жана квалификациялуу дарыланууга мүмкүндүк берүүнү көздөп жатат деп кантип ойлобойсуң», — деди саясатчы.

Буга чейин 28-февралда Жээнбеков боору кескин начарлап кеткенин айтып, абактан кат жазган. Ал Жаза аткаруу кызматынан абактан ооруканага которууну өтүнгөн.

Ал эми 2-февралда Кыйноолорду алдын алуу борбору саясатчыны ооруканага которууга уруксат бербей жатышканын билдирген.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков — Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири. Активисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Бирок кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Равшан Жээнбековду ооруканага которуу сунушталган, бирок ЖАК андай кылбай жатат — укук коргоочулар