Кемпир-Абад иши: Үн жаздыруулар боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист, саясатчылардын сүйлөшүүсү боюнча лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасуловага таянып «Азаттык» басылмасы жазды.

Абдирасулова экспертизанын жыйынтыгы адвокаттарга жаңыдан берилип жатканын билдирди. Анын айтымында, жакточулар корутундуга жана процедуралык маселелерге нааразы болушууда.

«Экспертизанын жыйынтыгында кармалгандардын айрымдарынын сөзүндө “кылмыштын курамы бар”, айрымдарынын кебинде “кылмыштын курамы жок” деп берилиптир. Кимдики кандай чыкканын азыр айта алышпайт. Себеби, ишке “жашыруун” деген гриф берип коюшкан. Анын үстүнө адвокаттардын баары тыянакты колуна ала элек. Алгандары макул болбой, кайрадан башка экспертиза өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ал боюнча өзүнчө соттук иш жүрүшү мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал.

Абдирасулова укук коргоо органдары экспертизанын корутундусун жактоочуларды тергөө абагына чакырып берип жатканын айтып, мындай аракетти «мыйзамсыз» деп баалады.

«Себеби, тергөөчү эч качан абак жайына кирбеши керек. Тергөө абагына адвокаттарды телефону жок киргизет, алар ишти тартып алышпасын деп, атайын ошол жакка киргизип жатат»– деди укук коргочу.

Ал эми Ички иштер министрлиги Кемпир-Абад иши боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканы боюнча маалымат бере элек.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган. Алардын бири Орозайым Нарматова 30-январда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

18-январда ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен «жашыруун» гриф койгон. Бул бардык сот отурумдары жабык режимде, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер жана көз карандысыз байкоочулар катыша албайт дегенди билдирет.