Ысык-Көл: Төрөт үйүндө чарчап калган алты ымыркайдын бешөөндө сепсис аныкталган

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөт үйүндө 15 күн ичинде чарчап калган алты ымыркайдын экөө ара төрөлгөн, беш баладан сепсис аныкталган. Бул маалыматты «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин башкы неонатологу Сагын Абдувалиева билдирди.

«Чарчап калган наристелердин бири 1000 граммдан аз салмакта туулган. Ал ара төрөлүп, өпкөсү маалына жете элек болгондуктан чарчап калган. 1800 грамм салмакта ара төрөлгөн бала менен калган төрт ымыркайда сепсис болгон», — деп билдирди Абдувалиева.

Неонатолог дарыгердин билдиришинче, бул окуяны изилдеген комиссия төрөт үйүндө «инфекциялык көзөмөл жана күнүмдүк жумуштагы талаптар жакшы аткарылган эмес» деген жыйынтыкка келген.

Абдувалиева дезинекциялык катаал чаралар көрүлгөндөн кийин төрөт үйү иштеп баштаганын айтып өттү. Анын пикиринде, мындай инфекциялык көзөмөл бир гана Ысык-Көл облустук ооруканасында эмес, жалпы өлкө боюнча жүргүзүлүшү керек.

Аны менен катар, башкы неонатолог Каракол шаардык санитардык-эпидемиологиялык бөлүмү дагы төрөт үйү менен тыгыз байланышта иштеши керек деген оюн айтты. Ал мында бир гана көзөмөл эмес, колдоо көрсөтүү дагы зарыл экенин кошумчалады.

Ысык-Көлдөгү наристелердин өлүмү

17-январда Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 15 күндө жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган алты учур катталып, төрөт бөлүмү дезинфекцияга жабылган.

Чарчап калган ымыркайлардын ата-энелери 20-январда «Клоопко» маек куруп, ымыркайлардын өлүмү «дарыгерлерлерден улам болгон» деп айтышкан.

Ал эми оорукананын жетекчиси окуяга «балдардын ара төрөлгөнү жана энелердин ден соолугунун начардыгы» себеп болгон деп түшүндүргөн.

Саламаттык сактоо министрлиги чукул арада перинотология адистеринен турган комиссия түзүлгөнүн кабарлаган.

27-январда Министрлер кабинетинен Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук бириккен ооруканадагы 6 ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу ооруканын жетекчиси жана бир катар кызматкерлер иштен бошотулганын кабарлашкан.

Ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Чарчап калган наристелердин апалары инфекция төрөт үйүнөн жуккан деп эсептейт

Ысык-Көл: Төрөтканада 6 ымыркай чарчап калган окуядан улам оорукананын жетекчиси кызматтан алынды